Милиция Бишкекти аралап жүргөн үйүр жылкынын ээсин издеп жатат. Видео

Октябрь райондук милициясы борбор калаанын түштүгүндөгү үйлөрдүн биринин короосуна кирип келген жылкылардын видеосун жарыялады.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы көп кабаттуу үйдүн короосунда жайылып жүргөн бир үйүр (жети жылкы) жылкынын ээсин издеп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Жылкылар 4-кичирайондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосуна кирип келген.

Октябрь райондук милициясы жылкылардын ээсин (0550) 82-46-82 же 102 номери аркылуу кабарлашууну суранат.