Лейлекти коңшулардан көз каранды болуудан арылтчу долбоор келерки жылы бүтөт

Долбоор Лейлек районун коңшу өлкөнүн энергосистемасынын көз карандысыздыгынан чыгаруу максатында жасалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда "Раззаков" жаңы подстанциясы курулуп жана мурда иштеп турган "Арка" көмөк чордону жаңыланат. Бул туурасында "Кыргызстандын Улуттук электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Баткенди Тажикстан менен байланыштырган көпүрө оңдолду. Сүрөт
Мындан сырткары, жогорку чыңалуудагы 51 чакырымдык подстанция курулат.

Аталган ишканадан бул кадамдар Лейлек районун коңшу өлкөнүн энергосистемасынын көз карандысыздыгынан чыгаруу максатында жасалгандыгын айтышты.

Булардын баарын камтыган долбоор "Баткен облусундагы Арка массивин электр кубаты менен камсыздоону жакшыртуу" деп аталат. Учурда тирөөчтөрдүн, арматуралардын, өткөргүчтөрдүн бекемдигин сыноо иштери жасалып бүткөндүгү айтылды. Долбоорду 2020-жылдын аягында бүтүрүү пландалган.