Кытайлык кыз жөтөлүп, 10 кабыргасын сындырып алды. Дарыгерлер себеби тууралуу

Бейтап ак терилүү болгусу келгендиктен сыртка көп чыкпай, жыл бою күндөн сактай турган лосьон колдонуп жүргөн экен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кытайдагы Чжэцзян провинциясынын жашоочусу жөтөлө берип 10 кабыргасын сындырып алган. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

20 жаштагы кыз түнкүсүн жөтөлүп кыйналып жүргөн. Айласы куруганда ооруканага кайрылган. Дарыгерлер ал астма менен жабыркап калганын аныктап, ингалятор берип үйүнө жөнөтүшкөн. Бирок бейтаптын абалы жакшырбай эле жөтөлү кайра күчөгөн. Бир нече күндөн кийин ал сол төшү тарабы катуу ооруп ойгонгон.

"Рентген аялдын жөтөлдөн улам 10 кабыргасы сынып кеткенин көрсөткөн. Текшерүү учурунда кыздын кабыргалары анын курагындагы адамдар үчүн өтө эле ичке экени белгилүү болгон. Мындай көрүнүш организмде фосфор, кальций жана D витамининин жетишсиздиги менен түшүндүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Көрсө, бейтап ак терилүү болгусу келгендиктен сыртка көп чыкпай, жыл бою күндөн сактай турган лосьон колдонуп жүргөн экен. Мындан улам организми күндөн D витаминин ала албай, сөөктөрү морт болуп калган.