Президент Сооронбай Жээнбеков интервью берип, коррупция тууралуу кеп козгоду

Президент маалымат агенттиктердин бирине интервью берип, анда коррупцияга каршы күрөш, соттук реформа жана мамлекеттик ипотека тууралуу сөз кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "Кабар" маалымат агенттигине интервью берди.

Төмөндө маектеги урунттуу учурлар менен тааныша аласыз.

Соттук реформа

Президент сот-укуктук системасында реформа башталганын белгилеген. Анын айтымына караганда, реформанын жыйынтыктарын эл эки жылдан кийин сезе баштайт.

Милиция тууралуу

Мамлекет башчы ички иштер органдарындагы реформа тууралуу дагы кеп козгогон.

“Ички иштер министри борбордук жана облустук аппараттагы орундарды кыскартып, жеринде иш алып барган милициянын штатын көбөйттү. Алар жергиликтүү калк менен иштешүүдө”, - деди президент.

Ошондой эле 2020-жылдан тарта милиционерлердин маянасы жогорулай турганын кошумчалаган.

Дарыгерлердин маянасы

Жээнбеков быйыл дарыгерлер менен медиктердин айлыгы көбөйгөнүн эскертти.

“Өткөн жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы жогорулаган. Быйыл башка багыттагы медиктердин дагы маянасы көбөйөт”, - деди мамлекет башчы.

Коррупция

Президент өз сөзүндө Кыргызстандын калкы 6,5 миллион экенин белгилей кеткен.

“Сураштыра келсең эле баары бири-бирине тууган болуп чыга келет. Анан кайсы бир аткаминер коррупцияга шектелсе, анын туугандары актап чыгууга шашат. Мындай нерсе бизде бар. Бирок акыркы кезде ушундай сыяктуу көрүнүштөр жоголо баштады”, - деди ал.

Мамлекет башчы эл коррупцияга каршы аёосуз күрөштү колдоп жатканын айтып, алдыга коюлган максаттардын бардыгы ишке ашат деп ишендирди.

Ипотека

Жээнбеков учурда ипотекалык коюмдарды 6 пайызга чейин төмөндөтүү аракети жүрүп жатканын билдирген.

“Учурда бюджеттик кызматтагы адамдарга насыяны бир гана Мамлекеттик ипотекалык компания берип келет. Эми болсо кайра түзүлгөн “Керемет банк” (мурдагы “Росинбанк”) ипотекага 1 миллиард сом насыя бергени жатат”, - деди өлкө башчы.

Президенттин айтымында, ушундай эле ипотекалык насыялар мамлекеттик кызматта иштебегендер үчүн дагы бериле баштайт.