Табышып койгула! Чүйдө 24 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт

Сокулук райондук милициясы изделип жаткан кыздын сүрөтүн жиберип, өзгөчө белгилерин сыпаттады. Ал 17-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда бир айдан ашык убакыттан бери 24 жаштагы Нуржан Таалайбек кызы изделип жатат. Бул тууралуу облустук ИИББден билдиришти.

Табышып койгула! Чүйдө 24 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт

Таалайбек кызы 17-октябрда Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы узун, кой көз.

Сокулук райондук милициясы кызды көргөн-билгендер болсо маалымат берип коюуну өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29.