Кара-Балтадагы түндөгү жол кырсыктан бешинчи адам көз жумду

Ооруканага жеткен жарадарлардын бирөө Жайыл райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканда көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Түндө Бишкек — Ош жолундагы төрт адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгынан жарадар болгон дагы бир адам көз жумду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Эске салсак, 25-ноябрда саат 00:20лар чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагындагы жолдун Токойлуу деп аталган жеринде Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Stepwgn кагышкан

Кара-Балтадагы түндөгү жол кырсыктан бешинчи адам көз жумду

Буга чейин кырсыктан төрт адам мерт болду деп маалымат берилген. 

Кырсыктан кийин сөөктү алып чыгууга барган куткаруучуларды унаа коюп кетти
Ооруканага жеткен жарадарлардын бирөө Жайыл районундагы оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканда көз жумган. Түнкү кырсык ал адамды кошкондо беш кишинин өмүрүн алды.

Министрликтен учурда үч жаран ар кыл сыныктар менен жаткандыгын, ал эми төртөө дарыгерлердин текшерүүсүнөн соң үйүнө жиберилгендигин кошумчалашты.