Шаар жолдорун кардан арылтуу иштери уланууда. Сүрөт

Карды тазалоо үчүн 700 кызматкер жана 25 атайын техника чыккан. Тиешелүү кызматтар өзүнүн ишин түндөн тарта эле баштаган. Мэриядан көчөлөргө кум жана туз себүүнү үзгүлтүксүз улантууга убада беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери түндөн тарта Бишкектин жолдорун тазалап баштады. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тазалыкчылар" жолдорду, тротуарларды, аялдамадагы бордюрлардын четтерин кардан тазалап жатат. Жолго керектүү заттарды себүү иштери түнкү саат 02:00дөн башталып, жалпысынан 196 тонна туз себилди. Карды тазалоо үчүн 25 атайын техника чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте тазалоо иштерине 700 кызматкер чыккан. Мэриядан көчөлөргө кум жана туз себүүнү үзгүлтүксүз улантууга убада беришти.