УКМК журналисттик иликтөөнүн фигуранттарын суракка алат

Кылмыш иштин козголушуна ишкер Айэркен Саймаитинин дарегине айтылган бир нече билдирүүлөр, анын ичинде өмүрүнө коркунуч келтирилгени негиз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Азаттык", Kloop жана ОССRP басылмаларынын иликтөөсү боюнча "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кылмыш иштин козголушуна ишкер Айэркен Саймаитинин дарегине айтылган бир нече билдирүүлөр, анын ичинде өмүрүнө коркунуч келтирилгени негиз болгон. Анын кесепетинен ишкердин айласыздан Түркияга качканы айтылган.

"Кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык абалды аныктоого багытталган тергөө амалдары башталды. Аталган факты боюнча маалыматы бар бардык тараптардын жана "Азаттык", ОССRP жана Kloop басылмаларынын материалында аты аталгандардын катышуусу менен тийиштүү аракеттер жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына 24-ноябрда тапшырылды. Ошол эле күнү ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына УКМКнын, ИИМдин жана Финполдун тергөөчүлөрү кирди.

Саймаитиге жасалган коркутуу фактысы боюнча иш козголду
Өткөн жумада Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

Бүгүн, 25-ноябрда, саат 11:30да Бишкек менен Каракол шаарында коррупцияга каршы митинг өткөрүү пландалган. Уюштуруучулар Райым Матраимовдун кармалышын талап кылышууда.