Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери

Биринчи Май райондук акимиаты митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө сунушу менен сотко кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Сот 1-декабрга чейин Бишкектин борбордук аянтында митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө тыюу салды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 13-ноябрда эле кабыл алган. 

Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери

Белгилей кетсек, эртең, 25-ноябрда, Ак үйдүн алдында коррупцияга каршы тынчтык митингин өткөрүү пландалууда. Ушундай эле акция Каракол шаарында дагы уюштурулары айтылды. 

Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери

Буга чейин Биринчи Май райондук акимиаты "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу деп табууну сунуштап сотко кайрылган. 

Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери

Буга 14үнчү жана 19-ноябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн футбол чемпионаты, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары менен келери, ал эми 28-ноябрда ЖККУга мүчө мамлекеттердин саммити болору себеп болгон. 

Сот Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүнү убактылуу чектеди. Себептери
"Практика көрсөткөндөй, мындай акцияларды уюштурган адамдар чогулган элди башкара албай калууда. Митингге келгендер автоунаа жолуна чыгып, жөө адамдар жүрчү жолдорду тосуп тоскоолдук жаратышат. Соңку учурда болуп жаткан көп сандагы мөөнөтсүз акциялар борбордук аянтта жүргөн шаардыктардын жана коноктордун тынчын алып, кооптуулук жаратууда", — деп акимиаттын сотко кайрылуусунда жазылган.

Акимиат 1-декабрга чейин тынчтык акцияларын Щербаков жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверде өткөрүүнү сунуштаган.

Натыйжада ишти караган судья Зарина Бейшеева Биринчи Май райондук акимиатынын "Митинг жана башка ар кандай өңүттөгү тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө жөнүндө" чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан.