Суук болот. Бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктердин берген маалыматына караганда, келе жаткан аптада мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы күндөргө аба ырайынын божомолун таратты.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
24-ноябрда Чүй, Таласта жана өлкөнүн түштүк аймагында жаан, кар жаашы күтүлүүдө.

25-ноябрь күнү түнкүсүн өлкө боюнча кар жаайт. Ал эми күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

26-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

27-28-ноябрь күндөрү жаан-чачынсыз болот.