Футболчу Неймар үч атаандашын алдап, укмуштуудай пас берди. Видео

Франциянын чемпионатында ПСЖ менен "Лилль" командалары беттешкен. Оюн 2:0 эсебинде аяктап, ПСЖ жеңүүчү аталды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Франциянын "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) футбол клубунун чабуулчусу Неймардын үч атаандашын алдап өткөн аракети көптөрдү суктандырды.

Eurosport басылмасынын жазышынча, окуя Франциянын чемпионатында ПСЖ менен "Лилль" командаларынын беттеши учурунда болгон. Оюн 2:0 эсебинде париждиктердин пайдасына аяктаган.

Видеодон Неймар атаандашынын дарбазасына жакындаганда алдынан чыккан үч футболчуну алдап өтүп, өнөктөшүнө топту согончогу менен тээп бергенин көрүүгө болот. 

​ПСЖ командасы лигада биринчи орунда турат.