Калаадагы жарнамалык такталарды ишкананын карамагына алуу пландары бар. Өзгөчө социалдык жарнамаларды чыгаруу үчүн жер жок болуп жатат. Бул тууралуу Самат Аманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эки айдан кийин жарнама бергендер тууралуу маалымат жана анын мазмуну ачык-айкын жаңы иштелип жаткан реестрге жайгаштырылат.
"Бишкек жарнама" муниципалдык ишканасында азыркы тапта 10 кызматкер иштейт. Биз биринчи кезекте тамеки жана спирт ичимдиктерин жарнамалоого чектөө, мамлекеттик тил боюнча тартип бузууларды кароо жана шаардын архитектуралык көрүнүшүн бузбоо боюнча иш алып барып жатабыз. Алдыда ар бир райондогу жарнамаларга мониторинг жүргүзгөн кызматкерлер болот. Учурда жарнамалардагы грамматикалык каталар күлкүнү келтирет. Бул багытта макулдашуу бөлүмү иш алып барганы турат. Андан тышкары, герб, туу сыяктуу мамлекеттик символдорду аяр колдонууга көңүл бөлүп, чектен чыккандарга чара колдонобуз", — деди Аманбеков.
Ал ишкананын башкы максаты жарнамалардын сапатын жакшыртуу экендигин кошумчалады.