Кыргызстандык балбан кыздар Россиядагы мелдеште эки алтын утуп алды. Видео

Кыргызстандык Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова Россияда кыз-келиндер арасында өткөн ачык кубокто алтын медаль утту. Алар финалдык кармашта атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей жеңишке жетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Күрөш федерациясынан кабарлашкандай, турнир 23-ноябрда Чебоксары шаарында аяктаган.

Нураида Анаркулова (57 килограммга чейин) финалда россиялык Анастасия Сидельникованын далысын жерге тийгизген.

Ал эми Айпери Медет кызы (76 килограммга чейин) Дарья Шистерованы 12:1 эсебинде жеңип алган.