БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Токтогул районунун Торкен айылында 1-класстын окуучусу сабалган, бала учурда Бишкекте ооруканада жатат. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Жабырланган баланын атасынын айтымына караганда, уулу 15-ноябрда Торкенде токмоктолгон. Окуучуну Бишкекке ооруканага жеткиришип, андан соң Октябрь райондук милициясына уулунун сабалганы боюнча арыз жазган", — деди Жээнтаев.
Арыз катталгандан кийин аны Токтогул районуна жөнөтүшкөн. Учурда ал Жоруктар кодексинин 65-беренесинин ("Уруп-сабоо") негизинде Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жээнтаев арызда баланы урду деп айтылган 8-класстын окуучусу аталган мектепте окуй турганын, учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.