Подиумдан чоң саясатка аттанган сулуулар. Сүрөт түрмөк

Sputnik

Василевич президент Александр Лукашенкону маданий жана спорттук иш-чараларда көп коштоп жүрөт. Атургай ал өлкө башчы менен вальс бийлеп, айылга барып отун жарган жайы бар.

Sputnik Кыргызстан алгач дүйнөлүк подиумдарды багынтып, кийин саясатка кадам таштаган сулууларды эске салды.

 

1 / 9
Мария Василевич "Белоруссия — 2018" сынагынын жеңүүчүсү.
2 / 9
Мария Василевич сулуулар сынагында.
3 / 9
43 жаштагы Мара Карфанья учурда Италия парламентинин депутаты. Мурда фотомодель жана алып баруучу болгон.
4 / 9
Юнис Олсен "Сингапур сулуусу — 2000" сынагынын жеңүүчүсү. 2004-жылы өлкө парламентинин эң жаш депутаты болгон. Азыр Кызыл крест уюмунун ыктыярчысы.
5 / 9
2009-жылы "Дүйнө сулуусу" болгон Кайане Лопес туптуура сегиз жылдан кийин Гибралтар шаарынын (Улуу Британия) мэри болуп дайындалган.
6 / 9
"Норвегия сулуусу — 2007" сынагынын жеңүүчүсү Туве Лиль Лейте учурунда эркектер үчүн журналдардын көркүн аччу. Кийин Вест-Агдер аймагындагы "Өнүгүү партиясынын" жаштар канатын жетектеген.
7 / 9
2007-жылы Россия сулуусу, 2008-жылы дүйнө сулуусу болгон Ксения Сухинова Россиянын коомдук палатасынын мүчөсү болгон.
8 / 9
Россиянын 2003-жылкы сулуусу Виктория Лопырева Россиянын адам укугун коргоо боюнча БУУдагы элчиси.
9 / 9
Оксана Федорова теле алып баруучу, милициянын майору, 2001-жылы Россия сулуусу болгон. Ал эми 2002-жылы "Аалам сулуусу" наамына татыган. 2003-жылы Дума депутаттыгына талапкерлигин койгон.