Кочкордо Турдакун Усубалиевдин музейи ачылат. Эскиздери

Өкмөт башчы имараттын эскизин көрдү. Ал эми музейдин жанына мамлекеттик ишмердин эстелиги орнотулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Кочкор айылында Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин музейи ачыла турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкорго барып, музейдин курулушуна капсула салган. Усубалиевдин эстелиги да ошол жерге орнотулары белгилүү болду.

Өкмөт башчы эскиздерди көрүп чыккан. Маалымат кызматы тараткан сүрөттөргө карасак, төрт долбоор даярдалган.

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин музейи ачылат. Эскиздери

Sputnik Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгынын урматына видеоинфографика даярдаган. Мамлекеттик ишмердин өмүр жолундагы кызыктуу фактылар дал ушул материалда.