Өкмөт аймактарды өнүктүрө турган 30 долбоорго жеңилдетилген насыя берди

Буга чейин парламентте быйыл аймактарды өнүктүрүүгө деп каралган 2 миллиард сом иштетилбей жатканы талаш жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго 538,3 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ишти тескеген комиссияга аймактардан 94 бизнес-долбоор түшүп, 30у жактырылган. Басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо, кен иштетүү тармактарындагы долбоорлор. Аларды ишке ашыруу менен 1451 жумуш орун түзүлөрү айтылат.

"Бир долбоордун суммасы 30 миллион сомдон ашпашы керек. Бул каражаттар чакан жана орто бизнести колдоого багытталган. Насыянын мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш. Бул мезгилде насыяны төлөп бүтүүгө болот. Анткени долбоор боюнча пайыздык коюмдар коммерциялык банктар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө берилген насыяларга караганда төмөн", — деп айткан премьер-министр Абылгазиев.

Абжапарова: мамлекеттик кызматта иштебегендер да ипотека ала алат
Ошондой ал аймактарды өнүктүрүүгө Centerra Gold Ink. менен түзүлгөн келишимдин алкагында дагы кошумча каражат алынганын белгилеген.

Эскерте кетсек, парламентте быйыл аймактарды өнүктүрүүгө деп каралган 2 миллиард сом иштетилбей жатканы талаш жараткан. Абылгазиев анын себебин быйыл каражаттарды кайсы жакка жумшоо механизмин иштеп чыгууга көп убакыт кеткени менен түшүндүргөн. Мындан улам 2 миллиард сомду башка жакка жумшап, ал эми кийинки жылга "Кумтөр" долбоорунун алкагында бюджетке түшө турган 4 миллиард сом аймактарды өнүктүрүүгө берилерин айткан.