Бүгүнкү күндө бойго жеткен үч томолой жетим балага Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан батирлер берилди. Бул тууралуу Талант Рыскулбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда дагы 38 ата-энеси жок чоңойгон бала муниципалитет бере турган үйгө ээлик кылуу үчүн кезекте турат.
"Турак жай кодексине ылайык, социалдык жактан муктаж болгондор жана жетим балдар муниципалитет тарабынан үй менен камсыз болуусу керек. Бирок бул иштер белгисиз себептерден улам 1999-жылдан бери аткарылбай келген. Тактап айтканда, борбор калаадагы турак жайга муктаж тургундардын каттоосу чала жүргөн. Бул иштер үстүбүздөгү жылдан тарта кайра жанданды. Бүгүнкү күндө балдар үйүнүн үч бүтүрүүчүсү мэрия тарабынан берилген батирлерге ээ болду. Азыркы тапта дагы 38 ата-энеси жок чоңойгон калаа тургуну кезекте турат. Бул жерде белгилей кетчү жагдай берилип жаткан үйлөр убагында мыйзамсыз менчиктештирилип, бирок кийин кайра муниципалитеттин балансына кайтарылган жана кароосуз калган батирлер. Бишкек шаарында бөлүп берүүгө жер жок болгондуктан жер үйлөр жана жер тилкелери берилбейт", — деди Рыскулбек уулу.
Ошондой эле ал шаар мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн өкүлчүлүктөрү калаадагы төрт райондук акимиат менен 19 башкармалыкта бар экенин жана ал жакка бардык жарандар кайрылып, акысыз юридикалык кеңеш алса болорун кошумчалады.