1,25 млн. сомдук малы бар. Ош мэри Таалайбек Сарыбашовдун декларациясы

Шаар мэри да башка аткаминерлер сыяктуу мал кармайт. Короосундагы жандыктардын баасы 1,25 миллион сомду түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бир жылда 679 634 сом киреше тапкан. Бул тууралуу 2018-жылга карата жарыяланган декларациясында айтылат.

12 үй, 25 млн. сомдук киреше. Бишкек мэри Суракматовдун декларациясы
Маалыматка ылайык, шаар мэри 104,76 чарчы метрлик турак жайга ээлик кылат. Үйүнүн алдында алты сотых огороду бар.

Сарыбашов да башка аткаминерлер сыяктуу мал кармай турганы белгилүү болду. Анын короосунда 620 миң сомдук жылкы, 450 миң сомдук бодо мал, 180 миңдик кой-эчки багылат.

Ал эми жакын туугандары былтыр 250 миң сом тапкан. Алар аянты 713,28 чарчы метрди түзгөн курулушка жана 4 сотых жер тилкеге ээлик кылышат.

Сарыбашов Ош шаарынын мэрлигине өткөн жылдын июль айында шайланган. Ага чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болчу.