Дүйнөдөгү "мыкты" деген паспорттор аталды. Кыргызстан кайсы орунда?

Рейтингдин башында Франция турат. Коңшулардын арасында Казакстандын көрсөткүчтөрү жакшы, алар 84-позицияны ээлеген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Дүйнөдөгү жарандыктардын Kälin and Kochenov"s Quality of Nationality Index (QNI). рейтингинин жаңыланган версиясы жарыяланды.

Анда Кыргызстан 102-орунга чыгып, мүмкүн болгон 100 пайыздын 42син гана ээлей алган. Баанын жогорулагандыгына карабай, Кыргызстан QNI атуулдугу "начар" деген топтун ичинде калган.

Рейтингди калыптандырууда мамлекеттин экономикасынын масштабы, адамдык потенциалынын деңгээли, коомдук тартип жана туруктуулук, виза мамилелери, андан сырткары, иштеп жана жашоо үчүн башка өлкөгө көчүп баруу мүмкүнчүлүктөрү эске алынган.

Султанов: чиптүү паспорт шашылыш болсо 3 саатта даяр болот
Рейтингдин лидерлигине Франция чыккан (жарандыктын сапаты 83, 5 пайыз). Экинчи орунду 82,8 пайыз менен Германия ээлеген. Үчүнчү сапка Дания (81,7 пайыз) чыкты. Төртүнчү орунду Швеция менен Норвегия 81,5 пайызы менен ээлеген. Бештикти Исландия (81,4 пайыз) жыйынтыктаган. Ал эми ондукка Финляндия, Италия, США, Ирландия жана Испания кирген.

Коңшулардын арасында Казакстандын көрсөткүчтөрү жакшы, алар 35,7 пайызы менен 84-позицияда турат.

Сапаты боюнча Казакстандан кийин Кыргызстан турары айтылган. Бизге жакын Өзбекстан (109-орун) аныкталган. Тажикстан 114-орунда экени кабарланды.