Радио

Ысабеков: жарандардын көзөмөлү болбосо көмүскө экономика азайбайт

Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков көмүскө экономика менен күрөшүүдө жарандардын ролу чоң экенин айтты.
Sputnik
Ысабеков: жарандардын көзөмөлү болбосо көмүскө экономика азайбайт

2012-жылдын изилдөөсүнө ылайык, өлкөдөгү көмүскө экономика 39 пайызды түзгөн. Быйыл дагы ошондой изилдөө жүрүп, 37 пайыз деп болжолдонду. Ал эми эксперттер андан да көп болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук эсеп-фактура колдонуу долбооруна 17 компания кошулган.

"Көмүскө экономика бул чоң маселе. Аны менен күрөшүү үчүн Салык саясаты башкармалыгы 1-июлда электрондук эсеп-фактура колдонуу долбоорун киргизди. Андан тышкары, алкоголь, тамеки жана бут кийимдерди маркалоо боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат. Ошондой эле контролдук кассалык машина колдонулууда. Эң маанилүүсү — адамдар дүкөндөн товар сатып алганда чекти сурашы керек. Эгер чек басылып чыкпаса товар сатылды деп эсептелбей калат. Жарандардын көзөмөлү болбосо, бул система толук кандуу иштебейт", — деди Ысабеков.

Ал товарга кошулган кошумча нарк салыгынын бир бөлүгүн адамдарга кайра кайтарып берүү же Монголиядагыдай чектер менен лотерея ойнотуу тажрыйбасын колдонуу керектигин кошумчалады.