Питон көз ачып жумгуча маралды сууга сүйрөп кетти. Индиядагы окуянын видеосу

Индиянын Чандрапур жаратылыш паркында көзөмөл камерасына көлмөдө өз олжосун күтүп жаткан питондун маралга кол салган учуру видеого түшүп калган.
Sputnik

Видео быйыл май айынын аягында тартылып, жакында эле LiveLeak порталына жарыяланды.

Видеодо көлмөдөн этияттык менен суу ичип жаткан маралдарды көрүүгө болот. Сууга башын жакындаткан маралдардын бирин көз ачып жумгуча кекиртектен тиштеген питондун аракети да видеого түшүп калган.