Саймаитиге жасалган коркутуу фактысы боюнча иш козголду

Сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин тергөө кызматына тапшырылып, көзөмөлдү Башкы прокуратура жүргүзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен Kloop басылмасынын иликтөөсүн карап чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынан билдиришти.

"Жарыяланган материалда Айэркен Саймаитиге Кыргызстандын аймагында анын өмүрүнө коркунуч жараткан коркутуулар болгону айтылган. Мындан улам ал Түркияга качууга аргасыз болгону белгиленген. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренесинин 130-бөлүгү боюнча ("Адам өлтүрүүгө аракет жасоо") каттоого алынды", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин тергөө кызматына тапшырылып, көзөмөлдү Башкы прокуратура жүргүзөт.

Президенттин аппараты Матраимовдун айланасындагы иликтөө боюнча үн катты
Белгилей кетсек, ушу тапта "Азаттык" менен Kloop басылмаларынын журналисттери жасаган иликтөөсү коомдо чоң резонанс жаратууда. Анда маркум Айэркен Саймаитинин ишмердүүлүгү, бир тууган Матраимовдор менен байланышы, бажыдагы коррупциялык схемалар жана ири суммадагы акчанын Кыргызстандан чыгарылышы изилденген. Иликтөөдө журналисттер Саймаитинин өзү менен байланышып, негизги окуялардын өнүгүшүн өз оозунан угушкан.

Ал арада ЖК депутаты Искендер Матраимов иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты аталып жаткандыктан, Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиядан чыга турганын билдирди. https://sputnik.kg/society/20191122/1046309999/iskender-matraimov-zhoop-berdi.html