Сооронбай Жээнбеков: Борбор Азия өлкөлөрүндө адеп-ахлак кыйрады

"Ала-Арча" резиденциясында эл аралык "Ислам жана православие — тынчтыктын диндери" конференциясы өтүп жатат. Ага Россиядан келген чоң делегация жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн дин кызматкерлери катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Акыркы он жылдыктарда Борбор Азия өлкөлөрүндө адеп-ахлак кыйрап, этикалык нормалар өзгөрүп кеткени байкалууда. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан эл аралык "Ислам жана православие — тынчтыктын диндери" конференциясында билдирди.

Иш-чарага Россиядан келген чоң делегация жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн дин кызматкерлери катышып жатат.

Өлкө башчынын айтымында, чөлкөмдөгү элдердин менталитети окшош. Андыктан маданий баалуулуктарды жана диний салттардагы ынтымакты сактап калууга мүмкүн болду.

"Анткен менен акыркы жылдары акыл-эс байлыгыбызды унутта калтырып, материалдык кирешенин артынан түшүп алдык. Адеп-ахлак кыйрап, этикалык нормалар өзгөрүп кетти", — деди президент.

Жээнбеков бул сыяктуу негативдүү факторлорго жана адеп-ахлагы бузулган коомго каршы туруу үчүн мамлекеттер биргеликте иш алып барышы зарыл экенин кошумчалады.