"Кинжал" кайтып келди. Россиянын Ту-22М3 учагын кайра учурушуна эмне себеп?

Москва Россия чек арасына АКШ жана НАТО күчтөрүнүн топтолушун кадыресе кабылдады. Ту-22М3 ультраүндүү бомбалоочу учак-ракета алып жүрүүчү кемелерди кайрадан ишке киргизүү — аргасыз чара.
Sputnik

Александр Хроленко, аскерий баяндамачы

Америкалык Military Watch басылмасында жарыяланган Россиянын Ту-22М3 коркунучтуу ракета алып жүрүүчүсүнүн ишин жандандырып, заманга ылайыктаганы туурасындагы макаласын эксперттер жана адистер кызуу талкуулашууда. Басылма модернизациялоо пландарынын ийне-жибине дейре ачыктабайт, бирок макалада МиГ-31 истребителинин жана "Кинжал" ультраүндүү ракетасы менен кошо Ту-22 алыскы аралыктан бомбалоочу кемесинин сүрөттөрү да камтылат.

Ошентсе да Россия эч качан өз ниетин жашырган эмес. Ту-22М3М версиясына чейин жаңылоодо 30 ракета алып жүрүүчү кеменин радиоэлектрондук жабдыгы жана куралданышы 80 пайызга алмаштырылат. Бул 2021-жылга чейин ыраак аралыктагы авиациянын дараметин кыйла жогорулатууга, өзөктүк триаданын аба компонентин күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Россиялык Як-130 менен Ми-38дин артыкчылыгы. Дубайдагы көргөзмө
Ушул тапта Россияда Казань авиазаводунда курулган 497 машинанын ичинен 120дан ашык алыскы аралыктагы Ту-22М3 калды. Ту-22М3 жана Ту-22МРдин (чалгындоочу) 60 чакты бирдиги менен РФтин аба-космостук күчтөрү жабдылууда, калганынын иши токтотулган. Ошондуктан жаңылоонун белгиленген алкагына (30 машина) чек жок.

Ту-22М3 ыраак аралыктан бомбалоочу учактары 1989-жылы ишке кирген, ал машиналар Сирия операциясынын маалында ийгиликтүү пайдаланылган. Бирок башта учак океан аймагындагы АКШ жана НАТОнун кемелерин Х-22 канаттуу ракеталары менен жок кылуу үчүн жасалган.

"Кинжалдын" кайтышы

Ту-22М3 алыскы аралыктагы көп режимдүү, ультраүндүү, канатынын жебелеринин көрүнүшү өзгөрүлмөлүү ракета алып жүрүүчү-бомбалоочу учактын дүйнөдө теңдеши жок. Стратегиялык жана ыкчам-тактикалык авиациясынын ортосундагы орунду ээлейт. Ракета жана авиациялык бомбалар менен саатына 1000-2300 чакырым ылдамдык диапазонунда ыраак, орточо жана кыска бийиктиктен жер үстүндөгү жана деңиздеги буталарды (өлтүрүүчү аскерий кемелерин) жок кылууга багытталган. Алар ПВО жана РЭБ заманбап каражаттарына каршы, күндүн каалаган убагында, жеңил жана оор аба шарттарында колдонулат.

Аскерий кубаттуулуктагы мыктыланган система борт ичинде бир убакта ракетаны да, бомбаны да ташып жүрө алат.

Ту-22М3М 2018-жылдын 28-декабрында учурулган. Жаңыртылган версиясы Х-32, Х-101 (же Х-102 өзөктүк бөлүктүү) канаттуу, ультраүндүү ракеталарынын аракетке келтирүү чегине жеткирүүгө гана кызмат кылат. Учак абага дароо төрт X-47М2 "Кинжал" (эң көп аскерий жүгү – 24 тонна, мындай платформа теңдешсиз) кемесин көтөрө алат. Ту-22М3М толук аскерий кору өзөктүк бомбанын кубаттуулугуна барабар.

"Терминатордун" Ысык-Көлдөгү соккусу. Аскерий баяндамачы машыгуулар тууралуу
Мисалга, 1000 чакырымга чейинки ыраактыкка, 40 чакырымга (ПРО "Иджис" кемелик каражаттары менен стратосферадан урулган соккунун мизи кайтарылгыс) чейинки бийиктикте 5 "канат кагым" ылдамдыктагы Х-32 кемесине каршы ультра үндүү ракета, башкача айтканда, Ту-22М3М душмандын ПВО аракетинин 700 чакырымдык аймагына кирбестен эле жок кылууга жөндөмдүү.

Ракета алып жүрүүчү жаңы НК-32-02 кыймылдаткычтуу болду, май куюучу штангасы (мурда ал ОСВ-2 келишимине ылайык алып салынган) кайрадан тагылды, бул анын кыймылынын тактикалык радиусун 45 пайызга көбөйтүүнү өбөлгөлөгөн. Эң башында учак 7000 чакырым ыраактыкка (50 тонна күйүүчү май кору менен) жана 13 300 метрлик чегине ээ болгон. Жаңыртылгандан кийин дээрлик жаңы бомбалоочу учак түзүлдү. Ту-22М3М жана анын ультраүндүү арсеналы Россия чек арасында улам аскерий активдүүлүктү көрсөтүп жаткан батыштык өнөктөштөрдү эсине келтирер.

Фронттун тегерек чети

19-ноябрда биринчи жолу Россия чек арасында жана Балтия аймагында дароо АКШнын куралдуу аба күчтөрүнүн RQ-4A "Глобал Хок" эки учкучсуз стратегиялык учагы бир топ саат чалгындап жүрдү. Машиналар сицилиялык Сигонелла авиабазасынан учуп чыккан.

FORTE10 чакырык сигналы бар учкучсуз учак Псков жана Ленинград облустарынын чек арасынын боюн Латвия жана Эстония аба мейкиндигинде туруп алты ирет айланган. Литва аба мейкиндигинен Калининград облусунун түндүк чек арасынын аймагында узакка жүргөн. FIXER10 чакырык сигналдуу экинчи дрон-чалгындоочу Калининград облусунун түндүк жагында учуп, андан соң Россия Федерациясынын деңиздик чек арасынан түндүк-батышка карай Балтика деңизинин үстүн айланган.

Ошол эле убакта Англиядагы Милденхолл авиабазасынан чыккан АКШнын куралдуу аба күчтөрүнүн көтөрүлгөн RC-135V стратегиялык чалгындоочу учагы Россиянын Калининград облусун Белоруссиядан бөлүп турган Сувальск коридорунун үстүндөгү эллипстерди кесип өткөн. Кийинчерээк америкалык учак Литванын аба мейкиндигинен Калининград облусунун түндүгүнө карай учкан.

БАЭдеги Ми-38: араб шейхтери АКШнын авиатехникасын Россияныкына алмаштырганда
Учкучсуз жана учкуч башкарган чалгындоочулар ыраак аралыктан каршылашынын ПВО каражаттарын жана иш тартибин билүүгө, РЛС жана жайылган зениттик ракеталык комплекстеринин координаттарын ачууга, байланыш штабдык линияларынан маалымат алууга жана жалпысынан болжолдуу душмандын аскерий тобунун мүмкүнчүлүктөрүн баалоого багытталган.

Пентагондо РФтин объектилерине ыкчам глобалдык сокку концепциясынан баш тартышпады, аларды улам Балтика өлкөлөрүндө иштеп чыгышууда. Буга жакынкы эле мисал — Global Thunder-2020 стратегиялык окуусу, анын жүрүшүндө АКШнын стратегиялык бомбалоочу алты стратегиялык учак ракеталык соккусун Москва жана Санкт-Петербургдан 1200-1500 чакырымда жоготуу боюнча сынап көрүшкөн.

Мурда америкалык стратегиялык B-52H учактары Россия аймагынан 40 чакырым ыраактагы литвалык Казлу-Руда полигонунда болванкалар менен сыналган. Литвалык-белоруссиялык чек арада да ок жыттанган. Ал жакта АКШнын биринчи бронетанкалык дивизиясынын алдыңкы эшелону жайгашкан.

Белоруссия жана Россия НАТОнун "түшүнүксүз" (президент Александ Лукашенко айткандай) окууларына даярдык көрүүдө. Албетте, мындай жагдайда ыраак аралыктан Ту-22М3М бомбалоочу учакты заманбапташтыруу менен чектелүүгө болбойт. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу 2020-жылы мамлекеттик коргоо буюртмасына бөлүнгөн каражаттын үчтөн эки бөлүгүн жаңы жабдыктарды сатып алууга жумшоону тапшырган. Батыш менен Чыгыштын кымбат турган жана кооптуу атаандаштыгы дагы уланууда, бирок бул Россиянын тандоосу эмес.