Балдардын фестивалга деп тарткан тасмаларына ата-энелери да аралашып, жардам көрсөтүп жатканы кубандырат. Мындай пикирин Толкун Дайырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл балдар фестивалына Кыргызстан боюнча 56 тасма келип түшкөн. Алардын ичинен режиссердун оюн толук бере алганына жана кинотасманын стандарттарына ылайык титрлеринин жазылышына карап 25 тасма тандоо турунан өткөн.
"Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр катышкан "Карек" фестивалын төртүнчү ирет өткөрүп алдык. Алгачкы иш-чарага 87 тасма келип түшкөн эле. Балдар тарткан тасмалардын мазмуну абдан таң калтырган. Жылдан-жылга алардын сапаты жакшырып баратат. Балдар глобалдуу темаларга кайрылып, планета, Жер тууралуу тасмаларды тартышкан экен. Андан тышкары, миграция темасы балдарды көп ойлондурганын байкадык. Быйылкы жеңүүчү болгон тасма дагы жүрөктү өйүткөн чыгарма болду. Алина Кошматова деген кыз "Кат" фильминде мигрант балдардын типографияда каза болгон кыздар менен чогуу энесин жоготконун тарткан экен. Көрүүчүлөрдүн баарын ыйлаткан, мазмуну терең чыгарма болуптур. Андан тышкары, калыстар тобундагы белгилүү режиссерлор балдардын тартуу техникасын көрүп отуруп, "аа ушинтип деле тартып койсо болот турбайбы" деп алардын тапкычтыгына баа берип жатышты. Быйыл ЮНИСЕФтен "Балага Тумар бол" атайын сыйлыгы ыйгарылып, андан тышкары, фестиваль он номинацияда сыйлык берди", — деди Дайырбекова.
Ал "Каректе" көрсөтүлгөн тасмалар чет өлкөдөгү балдар кинофестивалдарына да катышып жатканын кошумчалады.