Башын чайнап салды. Кабылан менен питондун кармашкан видеосу

Кениядагы Масаи-Мара коругунда туристтер жылан менен кабыландын кармашын тартып алган. Жырткыч алгач антилопаны аңдып турган экен.
Sputnik

Ургаачысын талашкан эки жыландын айыгышкан кармашы. Видео
Окуяга күбө болгондордун айтымына караганда, токойдун четинде оттоп жүргөн антилопа кабыландын көңүлүн бурган. Анткен менен жырткыч күчүн питонго жумшоого аргасыз болгон. Видеодон жыландын ага кол салгандыгын көрүүгө болот.

Абдан сак жана аяр жырткыч кооптуу жаныбарга алдырган эмес. Анын бир нече кулач болгон денеси менен кысып, ороого кылган аракети текке кеткен. Жаалы келген кабылан питондун башын чайнап салган.

Кармашты ошол аймакта жүргөн фотограф Майк Уэлтон тартып алганы айтылды.