Кыламык кар, сейилдеген бөбөк. Бишкектин көчөлөрүнөн тартылган 11 сүрөт

Sputnik

Бейшембинин түнүндө борбор калаага кыламык кар жаады. Бирок азырынча жолдор тайгак эмес. Синоптиктер 21-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жана кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болорун айтышкан.

1 / 11
Кыш келе жатканы туурасында Бишкекке "сүйүнчүлөдү". Эркиндик проспектиси.
2 / 11
Энеси менен уулу. Эртең мененки сейилдөө.
3 / 11
Тамак издеген тыйын чычкан. Бул жаныбар кышты деле сезбесе керек.
4 / 11
Жумушка, мектепке, бала бакчага шашкан бишкектиктер
5 / 11
Мындай аба ырайында кыя өтө албайсың. Чай, кофе жана таттуу токоч.
6 / 11
Көгүчкөндөрдү карап турган бала
7 / 11
Шаарга кыштын сүрү жакындады. Анткен менен тез эле эрип кете турган кар шаардыктарды бир топ жүдөтөт.
8 / 11
Аптапта, суукта, жамгырда, карда — бардык учурда ишке чыккан адамдар
9 / 11
Терезелерди жылуулайбыз
10 / 11
Кар жана көгүчкөн
11 / 11
Бишкек шаары, "Ала-Тоо" аянты, 2019-жыл, 21-ноябрь