Бишкекке баңгизатын жарнамалаган баннерди ким илдиргени айтылды

Баннерге QR-код менен сайттын дареги жазылган. Ага кирген адам баңгизаттын жарнамасын жана баасын көрө алмак.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы баңгизатын көмүскө түрдө жарнамалаган баннерди ким илгенин маалымдады.

Бишкекке баңгизатын жарнамалаган баннерди ким илдиргени айтылды

Баннер Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишине илинген. Аны 20-ноябрда Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен мэриянын өкүлдөрү алып салган.

Бишкекке баңгизатын жарнамалаган баннерди ким илдиргени айтылды
"Баннерге QR-код менен сайттын дареги жазылган. Ага кирген адам баңгизаттын жарнамасын жана баасын көрө алмак", — деп айтылат маалыматта.

Баңгизат жасоодо колдонулчу 600 литр затты сактагандар кармалды
Аталган факт Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жарнама берүүчүнү аныктоо боюнча текшерүү иштерин баштады. Маалыматка караганда, ушундай эле баннерлер Казакстанда дагы байкалган.

Мэриядан билдиришкендей, жарнама тактасы 2022-жылга чейин жеке компанияга ижарага берилген.

Sputnik агенттигинин кабарчысы аталган компания менен байланышканда билборд кыска мөөнөткө реклама агенттигине ижарага берилгенин маалымдашты.

Ал эми аталган агенттиктин кызматкери жарнаманы жаш жигит илдиргенин билдирди.

"Ал жигит мага россиялык номер менен телефон чалып университеттин жанына жакын жайгашкан аймактан билборд керектигин айтты. Ал баннерге илине турган QR-код менен текстин кошо жөнөткөн", — деди кызматкер.

Ал ошондой эле агенттик жарнаманын мазмунун катуу текшербей турганын, заказ берген киши акчасын агенттиктин эсебине которгонун кошумчалады. Агенттиктеги маалыматтын бардыгын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алып кеткен.