Тогуз-Торо районунун тургундарынын өтүнүчү менен аталган аймакка заманбап эт комбинаты курулат. Бул тууралуу Алмаз Туманов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Макмал Голд Компани" ЖЧКсынын баштапкы долбооруна ылайык, алгач Тогуз-Торо районуна кыш заводу курулмак. Бирок жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенгендигине байланыштуу эт иштетүүчү комбинат куруу чечими кабыл алынган.
"Үстүбүздөгү жылы Тогуз-Торо районунда бир катар коомдук угуулар болуп, ал жактан жергиликтүү элдин талаптарын уктук. Андан сырткары, аталган райондун жетекчилиги сурамжылоо өткөрүп, район тургундарынын социалдык абалын жакшыртуу багытында эт иштетүүчү комбинат керек экенин аныктаган. Мындан улам биз эт комбинатын куруу боюнча сентябь айында келишим түздүк. Ага ылайык, комбинат Европанын стандарттарына жооп бергидей болуп, ХАССП (өндүрүлгөн продукциянын коопсуздугу) системасы боюнча салынат. Азыркы учурда курулуш боюнча долбоорлоо институту менен иш алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө эки проект карамагыбызга келди. Эми үчүнчүсү сунушталса арасынан бирди тандап, бардык уруксат кагаздары даяр болору менен курулуш иштерин баштайбыз. Ишкана болжол менен 2-6 айдын ичинде даяр болуп, ишке кирип калат", — деди Туманов.
Ошондой эле ал өндүрүлгөн продукция Кытай менен Россияга экспорттолорун кошумчалады.