Үрөй учурган өлүм: Ошто үй ээси иштеп жаткан араага кекиртеги тилинип көз жумду

Кырсык 16-ноябрь күнү саат 12.30дар чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Укук коргоо органдарына бул тууралуу маалыматты жерине барган медиктер берген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ошто отун араалап жаткан киши бензин менен иштеген араанын үстүнө кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Кырсык 16-ноябрь күнү саат 12.30дар чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Укук коргоо органдарына бул тууралуу маалыматты жерине барган медиктер берген.

"62 жаштагы У. Я. өзүнүн бакчасындагы бактарды бутап, отун жарып жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал чалынып кетип иштеп жаткан араага кекиртеги менен кулаган. Келген медиктер анын өлүмүн каттоого алганга гана жетишкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кырсык катары каттоого алынды. Маркумдун жакындары эч кимге нааразычылыгы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан.