Автоунаа алып кирүүдөгү бажы төлөмү: ЕЭК кыргыз өкмөтүнүн сунушун четке какты

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарына жеңилдик мөөнөтүн узарткан жок. Бул тууралуу өкмөттөгү жана Экономика министрлигиндеги ишенимдүү булактар билдирди.

"Кечээ Москва шаарында өткөн ЕЭК кеңешинин жыйынында кыргыз өкмөтүнүн үчүнчү өлкөлөрдөн кирген автоунаалар үчүн бажы төлөмдөрүнө жеңилдетилген мөөнөтүн узартып берүү өтүнүчү четке кагылды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирген. Буга төрт жыл мурда кабыл алынган токтомдогу транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарын жеңилдетүү мөөнөтү аяктаганы себеп экени айтылган.

Өкмөт: автоунаа алып кирүүдөгү бажы төлөмү боюнча сунушубузду ЕЭК колдогон жок
Көп өтпөй экономика министри Санжар Муканбетов кыргыз өкмөтү ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден алып келинген автоунаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселесин талкуулап жатканын айткан.

Чечимге ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга автону бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери менен киргизе баштайт. Мисалга алсак, КРдеги эң кеңири жайылган 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге, 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.