Хиджаб кийип беттешке чыгып жүргөн кыз Улуу Британияда көз жумду

26 жаштагы Алетаха — иран улутундагы британиялык мушкер. Аралаш мушташ менен үч жылдан ашык убакыттан бери машыгып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Улуу Британияда мушкер кыз Саи Алетаха аралаш мушташ боюнча беттештен кийин каза болуп калды. Бул туурасында ВВС жазды.

Телеканалдын маалыматына ылайык, окуя 17-ноябрь күнү болгон. Саутгемптон шаарындагы Fast and Furious Fight аталышындагы турнирде спортчу оор жаракат алып, мээси жабыркаган. Беттештен кийин ал өзүн жаман сезип, жакынкы ооруканага жеткирилип, кийинки күнү эле көз жумган.

UFC мушкери атаандашын бет талаштыра тээп жерге сулатты. Видео
Уюштуруучулар каза болгон кыздын жакындары менен туугандарына көңүл айтып, Тез жардам кызматы колунан келген тиешелүү бардык аракетин көргөнүн, бирок ага карабай дарыгерлер аны сактай албай калганын баса белгилеген.

Гэмпшир графтыгынын полициясы окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

26 жаштагы Алетаха — иран улутундагы британиялык мушкер. Аралаш мушташ боюнча үч жылдан ашык убакыттан бери машыгып келген. Саи хиджаб кийип машыгып жана беттешке чыккандыгы менен көпчүлүккө таанымал болгон.