Жумуш таппай жүрөсүзбү? Бишкекте ата мекендик компаниялар ишке чакырат

Жумуш издеп жаткан жарандар эртең, 21-ноябрда, иш берүүчүлөр менен түзмө-түз сүйлөшүп, вакансиялар менен тааныша алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги вакансия жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынан билдиришти.

Жазгы каникулда иштеп алсаңыз болот. КРде 24 миң кызматкер жумушка алынат
Жарманке 21-ноябрь күнү Бишкектеги М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Саат 10:00дө башталат. Дареги: Тоголок Молдо, 58 (Фрунзе менен кесилишет).

Жарманкеде ата мекендик ишканалар жумуш издегендерди бош вакансиялар менен тааныштырышат. Ал жерден иштин шарты боюнча толук маалымат алууга болот.

Суроолор пайда болсо (312) 30-37-44 жана 30-37-48 номерлери аркылуу байланышса болот.