Мэрия тонналаган жалбырактан кантип арыларын көрсөттү. Сүрөт

Жыл сайын күзүндө Бишкектин көчөлөрү менен парктарынан тонналаган жалбырак чогултулат. Калаа бийлиги жалбырактар кантип жок кылына турганын көрсөтүп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. "Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери парктар менен көчөлөрдөн чогултулган жалбырактарды кайра иштетип, компост даярдашат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Кайра иштетүү үчүн бир нече компост аңдары даярдалып, ал жакка катмар-катмар жалбырак жана топурак толтурулган.

"Жалбырактардын тез чирип, гумуска айлануусуна сөөлжандар жардам берет. Мындай ыкма айыл чарбасында органикалык жер семирткич даярдоодо кеңири колдонулат", — деп айтылат маалыматта.

Кийин даяр жер семирткичти көчөттөрдү тигүүдө, гүлдөрдү отургузууда колдонууга болот.