Бишкек: аялды уурдап, үч күн камап отурду деп шектелген киши кармалды. Сүрөт

Аял Көк-Жар конушунда Эсен аттуу киши үч күн үйүндө анын эркинен тышкары күч менен камап жатканын жана улам уруп-сабап тургандыгын айтып арызданган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Көк-Жар конушунда аялды уурдап кетип, уруп-согуп, үйүндө үч күн камап жаткан деп шектелген киши эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Быйылкы жылдын 9-ноябрында Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна баш сөөгү талкаланган, мээси чайкалган жана көкүрөгүнөн жаракат алган аялдын түшкөнү боюнча милицияга кабар келген. 

Бишкек: аялды уурдап, үч күн камап отурду деп шектелген киши кармалды. Сүрөт

Ооруканага Октябрь райондук милициясынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери барганда, жабырланган аял арыз жазган.

"Ж.Н. аттуу аял Көк-Жар конушунда Эсен аттуу киши үч күн үйүндө анын эркинен тышкары күч менен кармап жатканын жана улам уруп-сабап тургандыгын билдирген", — деп айтылган маалыматта.

Дүкөн алдында сабалгандар. Шектүү бир туугандардын абактагы мөөнөтү узарды
Бул факты Жазык кодексинин 170-беренесинин ("Киши уурдоо") негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Адан сырткары, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган бөлүмдүн кызматкерлери бул ишке шектүү катары 47 жаштагы кишини кармап, Октябрь райондук тергөө кызматына алып келишкен. Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде аны Октябрь райондук соту Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына эки айга камоо боюнча баш коргоо чарасын тандаган.