Аксыда окуучу кыздар мушташты. Милиция катышуучуларды издөөдө

Окуучулардын массалык мушташын күбөлөр видеого тартып алып социалдык тармактарга жайылтып жиберишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында окуучу кыздар катышкан массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Мамытбеков атындагы мектепте окуган 10-11-класстагы кыздар 18-ноябрь күнү саат 17:30дар чамасында мушташышкан. Алдын ала маалыматка караганда, кыздар кер-мур айтыша кетип, маселени чечишип алуу үчүн мектептин аймагынан чыгып кетишкен.

Бишкектеги массалык мушташ: милиция дагы сегиз баланы аныктады
Массалык мушташтын күбөлөрү окуяны видеого тартып алып соцтармакка жарыялашкан. Кадрдан 25-30дай кыз айтышып жатканын көрүүгө болот. Бир нече убакыттан кийин алардын жарымы мушташса, жарымы карап турган. Жабырлануучулар боюнча азырынча маалымат жок.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынды.

Учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мушташтын катышуучуларын издеп жатат.