Жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестрине катталбаган мал доктурлардын кызмат көрсөтүүгө укугу жок. Бул тууралуу Кубатбек Маматкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда жеке ветеринарлардын ким экендигин, так санын жана кесиптик билим деңгээлин идентификациялоо үчүн атайын реестр түзүлүп жатат.
"Мал доктурлардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы мыйзамдарга ылайык жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестри түзүлүп жатат. Аталган процедура 2019-жылдын сентябрь айынан тарта акы төлөө ыкмасы менен өткөрүлүүдө. Ага ылайык, ветеринарлар эки жылга 1500 сом беришет да, атайын сынактан өткөн соң каттоого алынышат. Бүгүнкү күндө 873 мал дарыгери реестрдин тизмесине кошулду. Алардын 60 пайызы жогорку билимдүү ветеринарлар болсо, калганы параветеринардык адистер. Азыркы тапта, мыйзамга ылайык, жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестрине катталбаган мал дарыгерлери кызмат көрсөтүүгө укугу жок. Эгер квалификациясы такталбаган мал дарыгерлери ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаса, чара көрүлөт ", — деди Маматкулов.
Ошондой эле ал жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестрин түзүү аракеттери учурда эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашып жатканын жана 2021-жылдан тарта бул процедураны ветеринардык палата өзү каржылай баштарын кошумчалады.