Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулу жазасын каерде өтөй турганын айтты

Экс-депутат Казакстанда 10 жылга соттолгон. Ал эми 2019-жылдын 18-ноябрында Кыргызстанга экстрадицияланды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу жалпы режимдеги колонияда кармалат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Асылбек уулу Казакстандан экстрадицияланган. Учурда ал №1 тергөө абагында жатат.

Маалыматка караганда, башкы прокурордун орун басары Жогорку сотко сунуштама жиберген. Анда Алматы сотунун Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин аткаруу тууралуу сунуш берилген.

Маалымат кызматынан билдиришкендей, сунуштама жактырылган.

"10 жылдык мөөнөтүн жалпы режимдеги түзөтүүчү колонияда өтөсүн. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тарта эсептелет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт", — дешти Жогорку соттон.

Дамирбек Асылбек уулунун иши

Сот Батукаевдин ишин Атамбаевсиз карамай болду
2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган. Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылмак.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.