Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

2019-жылдын 24-апрелинде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Алматыда соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ЖАМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Асылбек уулу менен кошо соттолгон эки кыргызстандык да 18-ноябрда алынып келип, үчөө №1 тергөө абагына киргизилген.

Дамирбек Асылбек уулунун иши

Сот Илмияновду эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялады
2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган. Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылмак.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.