Бишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады

Курулуш иштерине жалпы жонунан 35 миллион 602 миң сом сарпталат. Бакча 2020-жылдын күз айларында балдарды кабыл ала баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бакча Тыныстанов көчөсүндөгү (Токтогул менен Москва көчөсүнүн ортосу) мурдагы Биринчи май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна курулууда. 

Бишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады
"Учурда даярдык иштери менен кошо котлован казылып жатат. Имарат эки кабаттуу болуп, аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштерине жалпы жонунан 35 миллион 602 миң сом сарпталат", — деп айтылат маалыматта.

Мектепке чейинки мекеме 100 балага ылайыкталган. Аны долбоорлоо жана куруу боюнча буйрукка үстүбүздөгү жылдын жай айында мэр Азиз Суракматов кол койгон. Подрядчы — "Эм Эс Билдинг" компаниясы.

Бакча 2020-жылдын күз айларында балдарды кабыл ала баштайт.