Бишкектин бир катар аймагында газ берүү убактылуу токтотулду

Газ Бишкектин түндүк батышында жана эки жаңы конушунда жок болот. Ошондой эле көчөлөрдүн бириндеги үйгө ысык суу менен жылуулук берүү убактылуу токтотулат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин бир нече аймагында 18-ноябрдан 22-ноябрга чейин газ берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу Тоголок Молдо, Махатма Ганди, Саадаев, Щербаков көчөлөрүнүн аймагында газ жок болот. Ошондой эле Көлмө жана Салам-Алик конуштарында дагы өчүрүлөт.

"Бишкек жылуулук" ишканасы ремонт иштерине байланыштуу Васильев көчөсүндөгү 248-үйгө ысык суу жана жылуулук берүүнү убактылуу токтотот.