Прокуратура: жарылуу болгон тез татым жайына газ жабдуусу мыйзамсыз коюлган

Бишкек прокуратурасы мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына карата өздөрүнүн ишин так аткарып-аткарбагандыгын текшерген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жарылуу болгон "Антошка" тез татым жайында газ жабдуулары коопсуздук эрежелерин бузуу менен колдонулуп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Башкы көзөмөл органдын билдиргенине караганда, газ баллондорун тез татым жайларында колдонууга жол берилбейт.

Бишкек прокуратурасы Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлерине карата иш каттаган. Жарылуу болгон күнү, 8-ноябрда, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Прокуратура өрт коопсуздугун текшерүүгө тыюу салган талапты жоюуну сунуштады
Тез татымдагы жарылуудан улам Бишкек прокуратурасы мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн ишин так аткарып-аткарбагандыгын текшерген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Мамлекеттик экотехникалык инспекциясынын Бишкектеги башкармалыгы аталган жайдагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушун убагында алдын алган эмес.

Андан сырткары, тез татым жайы муниципалдык аймактагы ижарага алынган жерде жайгашкан, 2015-жылы мэрия өз алдынча аймакты чоңойтуп алуу фактысын каттоого алган. Бирок бул нерсе учурунда алдын алынган эмес. Аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Эске салсак, 8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, бир кызматкер көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Аталган жайдын ижарачысы кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.