Антибиотиктер организмдеги бактерияларга, грибокторго жана шишиктерге каршы колдонулат. Аны дарыгер бейтаптын оорусуна жараша жазып бергенде гана ичиши керек. Бул тууралуу Айгүл Жакубекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга 500-600дөй түрдүү антибиотиктер киргизилет.
"Антибиотиктер — бактерияларга каршы күрөшкөн дары. Бул препараттар бактериалдык, инфекциялык ооруларды айыктырууда колдонулат. Антибиотиктер табигый, жарым синтетикалык жана синтетикалык болуп бөлүнөт. Ар бир дарынын таасири жана колдонуу эрежеси бар. Аларды өз алдынча колдонууга тыюу салынат. Себеби организмде кандай микроб менен кайсы антибиотик күрөшөрүн дарыгер гана билет. Ошондуктан дарыгердин кеңешинен кийин колдонуу зарыл. Антибиотикти кабыл алганда 48 сааттын ичинде оң таасир бербесе, аны токтотуу керек. Кээ бир антибиотиктерди тамак менен аралаштырып ичүүгө болбойт. Көбүнчө ачкарын ичилет. Дарыны сүт же шире менен ичкенге да болбойт. Андан тышкары, унутуп калып эстегенде таблетканы көбүрөөк ичип жибергенге тыюу салынат", — деди Жакубекова.
Ал сарымсак, пияз жана алоэ ширеси сыяктуу табигый антибиотиктерди колдонуу микробдорду өлтүрүүгө жакшы жардам берерин кошумчалады.