303 литр кан берип 1920 адамды аман алып калган. АКШлык донордун окуясы

Эркек киши кан тапшырып, кишилерге өмүр тартуулоо жакшы иш дейт. 640чы жолу кан тапшырганда ага ардактуу донор деген төш белги берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Колорадо штатындагы Пуэбло шаарынын тургуну Дейв Махалик 34 жыл ичинде 303 литр кан тапшырган. Бул тууралуу Unilad сайты жазды.

Махалик алгачкы жолу досунун энесине жардам берүү үчүн кан тапшырган. Ошондон кийин донор болуп, ар эки жума сайын үйүнөн 160 чакырым алыстыктагы ооруканага барып кан тапшырып турат.

"34 жылдын ичинде Махалик 1920 адамды сактап калган. 640чы жолу кан тапшырганда ага ардактуу донор төш белгиси ыйгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Америкалыктын айтымында, кан тапшыруу ал үчүн адатка айланган. Махадик 70-80 жашта да донор болуу мүмкүн экенин белгилеп келет.