Өкмөттүн №380 токтомунун 306-беренесине ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында суюк газ жана газ баллон менен иштеген, ошондой эле тез күйүүчү курулуш материалдары менен жабдылган тез татым жайларынын иштөөсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Жумгал Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эрежеге ылайык тез татым жайлары газ баллон сыртта жайгашкан, өрткө туруштук бере алган курулуш материалдарынан салынган, өзүнчө имаратта жайгашуусу талап.
"Бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдүн астында иштеген тез татым жайлары абдан көп. Алардын басымдуу бөлүгү газ баллон колдонушат. Негизи өкмөттүн өрт коопсуздугунун эрежелерин жана ченемдерин сактоо боюнча 2018-жылы кабыл алынган №380 токтомуна ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында суюк газ жана газ баллон менен иштеген, ошондой эле тез күйүүчү курулуш материалдары менен жабдылган тез татым жайларынын иштөөсүнө тыюу салынат. Өз учурунда көзөмөлдөөчү орган болгон Экотехинспекция ишкерлерди текшерүүгө бөгөт болгон мораторийге байланыштуу андай жайларды текшерип, тийиштүү чараларды көрө албай жатат. Текшерүү үчүн Экономика министрлигинин атайын уруксат кагазы керек. Бирок эгер көп кабаттуу үйдүн тургундары тез татым жайы коопсуздук эрежелерин бузуп жатат деп арыз жаза турган болсо, биз ошол кайрылуунун негизинде тийиштүү иштерди алып барабыз", — деди Асанов.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө пландык гана текшерүүлөр жүрүп турарын жана ал текшерүүгө алына турчу объектинин ээсине алдын ала 10-15 күн мурун кабарланып, анан кийин ишке ашарын кошумчалады.