Тажикстанда Эмомали Рахмонду Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүшүүдө

Рахмонду эл аралык сыйлыкка биринчи жолу көрсөтүп жатышкан жок. Буга чейин да 2008, 2016 жана 2018-жылы бир катар мамлекеттик ишмерлер ушундай сунуш менен чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Тажикстанда Эмомали Рахмонду Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Мындай демилгени президентке караштуу мамлекеттик башкаруу институтунун студенти менен мугалими сунуштаган.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды
Агенттиктин жазышынча, Тажикстанда өлкө башчысы Нобелдин тынчтык сыйлыгына буга чейин да көрсөтүлгөн. Атап айтканда, 2000-жылы тажик эл жазуучусу Саттор Турсун Эмомали Рахмон дүйнөлүк белгилүү сыйлыкка татыктуу экенин билдирген.

Ушундай эле демилгени 2016-жылы суу чарба боюнча экс-министр жана Тажикстандын Жогорку Советинин депутаты Хикматулло Насриддинов көтөргөн.

Ал эми 2018-жылы Тажикстандагы өзбек коому Рахмон менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү үчүн кол чогултууга аракет кылышкан.

Эске салсак, Нобелдин быйылкы тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге ыйгарылды.