ТСА джесснера же сары пилинг сыяктуу химиялык процедураларды жасоону сунуштабайм. Себеби кыргыздардын бетине жакпайт. Так түшүп, тескери таасир бериши мүмкүн. Мындай пикирин Мээрим Давлетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пилинг кылдыруу үчүн косметологго кайрылып, кеңеш алып, дарыгер териге ылайыктуусун тандап бергенде гана жасатуу керек.
"Кышында бетке түрдүү маскаларды коюп азыктандырып туруу зарыл. Эгер бетиңиз кургак болсо, дүкөндөн сатып алган же үй каймагынан 2-3 кашык алып, ага бананды эзип кошуп бетиңизге тегиз жабасыз. Биз масканы бетке гана коюп көнгөнбүз. Моюнга да кам көрүүнү унутпоо керек. Бетке маска койгондон кийин басып жүрүүгө болбойт. Тынч жатканда азыктар териге сиңет. Жуунгандан кийин маска койсо абдан эффективдүү болот. Андан да жакшысы — профессионалдуу маскаларда микроэлементтер абдан майда болуп, 90 пайыз таасирин берет. Учурда агартуу процедуралары актуалдуу болуп жатат. Мындай пилингдерди жасоону декабрь айынын аягында токтотуш керек. Андан тышкары, ай сайын бир жолу бетти дарыгер-косметологго тазалатып туруу көп көйгөйдүн алдын алат", — деди Давлетова.
Ал мезотерапия адамдын жашына эмес, теринин абалына жараша жасаларын кошумчалады.