Бирөө пара талап кылса кимге кайрылуу керек? Дареги жана телефон номерлери

Бул материалдан Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Финпол, прокуратура, ИИМ жана өкмөттүн аппараты менен байланышуу жолдорун биле аласыздар.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктар коррупциялык ишке жол аччу  —  пара талап кылган учурларга кабылса, төрт мекемеге кайрыла алышат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы

  • Катты aks.gknb@gmail.com дарегине жиберип же төмөнкү даректерге барып жана телефондор аркылуу кабарлаңыз:
  • Бишкек, Жибек Жолу проспектиси, 322, (0312) 66-00-20 телефону;
  • Ош, Ленин көчөсү, 318, (03222) 5-55-11 телефону;
  • Жалал-Абад, Токтогул көчөсү, 55, (03722) 5-55-35 телефону;
  • Баткен, Нургазиев көчөсү, 1, (03622) 5-01-50 телефону;
  • Каракол, генерал Кутманалиев көчөсү, 148, (03922) 5-38-79 телефону;
  • Нарын, Ленин көчөсү, 78, (03522) 5-14-58 телефону;
  • Талас, Бердике баатыр көчөсү, 297/106, (03422) 6-04-31 телефону.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү кызматы (Финпол)

Борбордук аппараты Бишкектин Манас проспектиси, 101/1 (Жумабек көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан. Электрондук почтасы — receivefinpol@gmail.com.

Облустук жана райондук бөлүмдөрүнүн дареги менен байланыш телефондору Финполдун сайтына жайгаштырылган.

Ички иштер министрлиги

Борбордук аппараты Бишкектин Фрунзе көчөсү, 469 дарегинде жайгашкан. Электрондук почтасы — secretariat@mvd.kg.

Ишеним телефон номери (312) 26-60-27, кабылдама (0312) 26-60-64, катчылык (0312) 26-60-54.

Прокуратура

Башкы прокуратура Бишкектин Токтоналиев көчөсү, 139 дарегинде жайгашкан. Электрондук почтасы — statement@prokuror.kg.

Байланыш телефону (312) 54-24-63, ишеним номери (0312) 54-28-18.

Облустук жана райондук бөлүмдөрүнүн дареги менен байланыш телефондору прокуратуранын сайтына жайгаштырылган.

Мындан сырткары, өкмөт аппаратынын ишеним телефонуна (0312) 62-53-85 чалып да коррупциялык иштерди кабарлоого болот.