Москвада кыргызстандык киши каза таап, сөөгү мекенине жеткирилди

Тергөөнүн версиясы боюнча Кыргызстандын жараны бөөдө кырсыктын кесепетинен каза тапкан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Москва шаарынын Брест көчөсүндө кыргызстандык кишинин сөөгү табылды деген маалымат боюнча КРдин Россиядагы элчилиги укук коргоо органдары менен байланышты. Бул тууралуу дипөкүлчүлүктөн билдиришти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 29 жаштагы У. у А. бөөдө кырсыктан каза тапкан. Бирок акыркы жыйынтык соттук-медициналык экспертизанын жана териштирүү иштеринен кийин белгилүү болору айтылды.

Маркумдун сөөгү кечээ, 17-ноябрь күнү, Кыргызстанга жеткирилди.